Энергетика министрлиги Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча (KRED) долбоорунун I фазасынын алкагында Ош облусунда ири энергетикалык долбоорду ишке ашырууда.
Долбоордун негизги максаты - электр энергиясына болгон өсүп жаткан керектөөнү эске алуу менен аймактагы электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу.
Анын алкагында Өзгөн районунда 220/110/10 кВ “Исанов” көмөк чордонун куруу жана 220 кВ, 110 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тартуу пландалган.
Учурда долбоордук жана тендердик документтер даярдалып, техникалык маалыматтарды чогултуу иштери жүрүүдө. Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылоосу күтүлүүдө.
Ошондой эле эл аралык консалтинг компаниялар тартылып, экологиялык жана техникалык документтер даярдалууда.
Долбоор ишке ашкандан кийин Ош облусунда электр энергиясынын сапаты жана туруктуулугу жогорулап, жаңы турак жайларды жана ишканаларды үзгүлтүксүз электр менен камсыздоого шарт түзүлөт.


