Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 241,5-чакырымында тоо боорунан түшкөн таш көчкү жана топурак массалары толугу менен тазаланды.
Жол тилкеси толугу менен ачылып, учурда коопсуз абалда экени билдирилди. Ошондой эле эки тараптуу унаа кыймылы кайрадан калыбына келтирилди.
Эскерте кетсек, кечээ 15:30 чамасында аталган унаа жолунун 241,5 чакырымында таш көчкүсү түшүп, жол убактылуу жабылган болчу. Жолду тазалоого №24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тартылган.