Бишкектеги Ататүрк паркы заманбап эс алуу, спорт жана сейилдөө аймагына айланат. Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Азамат Кадыров парктын аймагын кыдыруу учурунда билдирди.
Анын айтымында, парк аттракциондорсуз, тынч сейилдөөгө жана спортко ылайыкталып өнүктүрүлөт. Долбоордун алкагында йога аянтчасы, шахмат зонасы, воркаут аянтчалары жана узундугу 3 чакырымга жакын веложол курулат.
Мындан тышкары, 5 гектар жер кайра кайтарылып, ал жакта көрктөндүрүү иштери жүрөт. Бул аймакта ооган согушунун ардагерлерине арналган музей жана сейил бак ачуу пландалууда.
Ошондой эле парктын аймагында 14 миң көчөттүн ичинен 192 куураган дарак аныкталып, жашыл аймакты сактоо жана жаңылоо иштери жүрүп жатканы белгиленди. “Бермет” кафеси дизайн-кодго ылайык реконструкцияланат. Коопсуздук үчүн видеокөзөмөл камераларын орнотуу да каралууда.







