Манас шаары: 5200 орундуу жаңы спорт аренасы курулууда
Новость

Манас шаарында 5200 орундуу заманбап борбордук спорт сарайы курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Спорт сарайдын ичинде төрт кабаттуу административдик имарат, бассейн, машыгуу залдары, VIP орундар, журналисттер үчүн аянтча, медициналык пункт, тамактануу жайы жана унаа токтотуучу жай каралган.

Курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Учурда объектте иштер пландын негизинде активдүү улантылып жатат.

Жаңы спорт сарайы ишке берилсе, Манас шаарында ири спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.