Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү үчүн электрондук билериктер сыноодон өтө баштады. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы система убактылуу коргоо ордеринин аткарылышын көзөмөлдөйт.
Электрондук билерик зомбулук көрсөткөн адамдын жайгашкан жерин көзөмөлдөп, жабырлануучуга жакындаган учурда дароо сигнал жөнөтөт. Билерикти чечүү же бузууга аракет жасалса, система автоматтык түрдө эскертүү берет.
Юстиция министри Аяз Баетовдун айтымында, учурда Кыргызстанда өз өндүрүшүндөгү билериктер сыноодон өткөрүлүп жатат. Ошондой эле өлкөдө “Мобилдик көзөмөл” тиркемеси да колдонулууда. Министр бул система БУУ тарабынан жогору бааланганын белгиледи.


