Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча коюлган милдеттерин ишке ашыруунун алкагында Талас облусунда электр тармактарын жаңылоо иштери улантылууда.
Аталган иштердин алкагында Талас облусунда жалпы 3500 даана эски фарфор изоляторлорду заманбап айнек изоляторлорго алмаштыруу пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 1200 даанасы алмаштырылды.
Алмаштырылып жаткан фарфор изоляторлор 1965–1975-жылдары орнотулган.
Жаңы айнек изоляторлор авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алып, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
Мындан тышкары Талас электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын балансында жалпы 27 аба чубалгысы бар. Кызмат тарабынан 35 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Учурда 11 аба чубалгысында техникалык тейлөө иштери аткарылып, 485 чакырым аралыктагы линияларда иштер бүткөрүлдү. Жалпы пландалган көлөм 934 чакырымды түзөт.
Жүргүзүлүп жаткан жаңылоо жана техникалык тейлөө иштери электр энергиясын ишенимдүү жеткирүүгө, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга жана калкты күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.

