Тоо текени аткандарга 300 000 сом өлчөмүндө айып салынды
Новость

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Нарын мамлекеттик коругунун кызматкерлери менен биргеликте Нарын районунда рейд өткөрдү

Рейд Нарын дарыясы бойлой жана токой тилкелеринде мыйзамсыз аңчылыкка, балык уулоого каршы багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Дөбөлү айылына караштуу Туюк-Суу участогунан Таш-Башат айылынын тургундары мыйзамсыз аңчылык кылып жаткан жеринен кармалды. Алар 7,62 мм калибрдеги "ВЕПР" үлгүсүндөгү эки курал менен 1 баш тоо текени атып, жеринде союп, жиликтеп, куржунга салып алып кетүүгө аракет кылышкан.

Бул факт боюнча КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 токтомуна ылайык жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн 300 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Топтолгон материалдар Нарын райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилгенин билдиришти.