Талгат Аширбеков Кыргызстандын Мисирдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды
Новость

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Аширбеков Талгат Аширбекович Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 15-декабрындагы Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Каир шаарындагы Элчилиги түзүлгөн.