Улуттук илимдер академиясынын жамаатына ведомствонун жаңы президенти Бекмамат Дженбаев тааныштырылды
Новость

Бүгүн, 15-майда  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Улуттук илимдер академиясынын жамаатына ведомствонун жаңы президенти Бекмамат Дженбаевди тааныштырды.

Улан Маматканов Мамлекет башчысы тарабынан Улуттук илимдер академиясын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ал Улуттук илимдер академиясынын өлкөнүн маанилүү илимий борбору катары маанисин баса белгилеп, илимий потенциалды мындан ары да чыңдоо, изилдөө базасын өнүктүрүү жана илимий ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун заманбап талаптарга ылайык жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.