Жарандардын ден соолугун ызы-чуунун зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөгү мыйзамга кол коюлду
Новость

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө», «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жарандардын ден соолугун жол берилген деңгээлден ашкан үн басымдын жана ызы-чуунун зыяндуу таасиринен коргоо болуп эсептелет.

Мыйзам менен:

1) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине төмөнкүлөр киргизилди:

– ички иштер органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен катар) калкты ызы-чуудан коргоо жөнүндө талаптарды бузуу үчүн ишти кароо жана жаза берүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү;

– тынчтыкты бузуу фактысын же окуясын тастыктаган актыларды укук бузуу жөнүндө иш боюнча далил деп эсептөө;

2) «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына укук бузуулардын алдын алууга катышуу, укуктук агартуу жана укуктук маалымдоо формасында алдын алуучулук таасир этүүнү жүзөгө ашыруу, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө протоколдорду кароого жана түзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына андан ары берүү үчүн тынчтыкты камсыз кылуу менен байланышкан талаптарды бузуу фактысын же окуясын ырастоочу акт түзүү укуктарын коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдарга, жарандык коомдун өкүлдөрүнө жана жарандарга берүүнү караган толуктоо киргизилди;

3) «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүлөрдү караган өзгөртүүлөр киргизилди:

– аталган Мыйзамдын жоболорун 31-декабрда саат 22:00дөн тартып 1-январдагы саат 3:00гө чейин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрам күндөрү саат 22:00дөн тартып саат 3:00гө чейин жеке, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын аракеттерине жайылтпоо;

– белгиленген убакыт аралыгында корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерге курулуш иштерин жүргүзүүнү киргизүү;

– төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толуктоо:

«3-1-берене. Тынчтыкты бузуулардын алдын алуу

1. Тынчтыкты бузуулардын алдын алуу Кыргыз Республикасынын тынчтыкты камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Тынчтыкты бузуулардын алдын алууга катышуучу жактар болуп ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн объекттердин жана (же) жайлардын менчик ээлери (жалдоочулар), тизмеги Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдары менен аныкталуучу көп батирлүү үйлөрдү башкарууну жүзөгө ашыруучу адамдар, ошондой эле кварталдык комитеттер саналат.

3. Тынчтыкты бузуулардын алдын алууга катышуучу адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:

– жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында укуктук агартуу жана укуктук маалымдоо формасында алдын алуучулук таасир этүүнү жүзөгө ашырууга;

– турак жай курулушунун корголуучу аймактарында тынчтыкты бузуу жөнүндө акт түзүү жолу менен тынчтыкты бузган жактарды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартууга катышууга. Тынчтыкты бузуу фактысын же окуясын ырастоочу акт фото жана (же) видео жазууну тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде аныкталган тартипте укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү үчүн ыйгарым укуктуу органга берилет. Тынчтыкты бузуулардын алдын алууга катышуучу адамдардын өз ара аракеттенүү тартиби, ошондой эле актынын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат».