Бүгүн, 15-майда Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Зардалы айылында футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш чарага Баткен районунун акими Данир Иманалиев баштаган жергиликтүү жетекчилер, айыл тургундары катышышты. Бул иш аракет, жаштардын жана жалпы эле айыл элинин сергек жашоо образын калыптандыруу менен спортко болгон кызыгуусун арттырууга шарт түзөөрү белгиленди.
Аянтчалар Зардалыдан сырткары төмөнкү аймактарда курулууда:
- Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Тамаша жай, Ак-Таш, Чет-Булак жана Булак-Башы аймактык башкармалыктарында;
- Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында;
- Алтын-Бешик айыл аймагынын Газ, Кыштут айылдарында;
- Самаркандек айыл аймагынын Жаңы-Бак айылында.
Эскерте кетсек, Мындан эки ай мурда, Президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен Баткен облусунда 10 кичи футбол аянтчасынын курулушу башталган.




