Биринчи айым Айгүл Жапарова Перинаталдык борбордогу Энелер күнүнө арналган иш-чарага катышты
Новость

Айгүл Жапарова Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунун жаңы имараты жана медициналык мекеменин эски корпусунун шарттары менен таанышты.

Ошондой эле ал үч эм төрөгөн энеден кабар алганы барып, үй-бүлөгө ден соолук, бакубатчылык жана бакыт каалады.

Андан соң Биринчи айым, саламаттыкты сактоо министри жана башка расмий адамдар борбордун жамаатын жана бардык энелерди Энелер күнү менен куттуктап, коомдогу аялзатынын, энелердин өзгөчө ролун белгилешти. 

“Май айынын үчүнчү жекшембисинде эң жылуу майрамдардын бири – Энелер күнү белгиленет. Биздин каада-салтыбызда эне – улуттун бешиги жана элдин руханий баалуулуктарынын сактоочусу. Эне болуу – бул эрдик да, зор бакыт да”, - деди Айгүл Жапарова.

Ал медицина кызматкерлерине жан аябас эмгеги, энелердин жана балдардын саламаттыгына кам көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, борбордун жамаатына бекем ден соолук, бакубат жашоо жана асыл иштерине ийгиликтерди каалады.