Бүгүн, 2026-жылдын 15-майында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти болуп шайлангандан берки алгачкы жумушчу кеңешме өткөрүп, КФБнын жалпы жамааты жана кеңсеси менен таанышып, алдыдагы пландарды талкуулады.
Иш-чаранын күн тартибине ылайык алгач МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти катары өзүнүн орун басарлары, катчылыгы жана кеңешчилери менен биргеликте жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйында КФБнын быйылкы жылга карата жана жакынкы жылдарга коюлган пландарды ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Андан соң Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясынын (ФИФА) Азия жана Океания боюнча, ошондой эле ФИФАнын Дубайдагы Аймактык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда кыргыз футболун эл аралык аренада өнүктүрүү сыяктуу кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү.
Адылбек Касымалиев ошондой эле футбол боюнча курама командаларынын, аялдар футболу жана футзал командаларынын башкы машыктыруучулары менен жолугуп, машыктыруучулардын эмгеги футбол тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары Кыргыз футбол биримдигинин жана Улуттук футбол академиясынын кеңсеси менен таанышып, мында эмгектенген жалпы кызматкерлери менен жолукту.
Соңунда КФБнын президенти Адылбек Касымалиев КФБнын оперативдүү ишмердүүлүк маселелери жана кыргыз футболун популяризациялоого багытталган масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу пландары турганын айтып, алдыга коюлган милдеттерди белгиледи.














