Энелер күнү: Ала-Тоо аянтында ачык асман алдындагы музыкалык кече өттү
Новость

Кечээ, 17-май  Ала-Тоо аянтында  Энелер күнүнө арналган ачык асман алдындагы музыкалык кече өттү.

Майрамдык иш-чарага борбор калаанын тургундары, калаа коноктору катышып, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспаптар оркестри  эл аралык жана ата мекендик репертуардан белгилүү чыгармаларды аткарышты.

Ошондой эле, белгилүү кыргыз ырчылары да шаар тургундарына майрамдык ыр десте сунушту. Ал эми шаар тургундары энелерге гүл тапшырып, майрамдык маанайды өзгөчө көрккө бөлөштү.

Эскерте кетсек, Энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.