2026-жылдын май айында өткөн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов климат жана ден соолук маселелерине арналган министрлердин иш-чарасына катышты. Иш-чара Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Панъевропалык климат жана ден соолук боюнча комиссиясы тарабынан уюштурулду.
Министр өз сөзүндө климаттын өзгөрүшү дүйнөлүк деңгээлдеги эң олуттуу чакырыктардын бири экенин белгилеп, бул маселе өзгөчө тоолуу мамлекеттер үчүн чоң мааниге ээ экенин айтты. Анын айтымында, Кыргызстандын тоолуу аймактарында жашаган калк үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана саламаттык сактоо системасын климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу бүгүнкү күндүн негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте «Тоолордогу ден соолук» демилгесин илгерилетип жатканы белгиленди. Бул демилге тоолуу райондордогу саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун чыңдоого багытталган.
Дамир Осмонов баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, мобилдик медициналык кызматтарды кеңейтүү, саламаттык сактоодо санариптик чечимдерди киргизүү жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү механизмдерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле суунун коопсуздугу, азык-түлүк туруктуулугу жана экологиялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелерине көңүл бурулду.
Министр Кыргызстан климат жана ден соолук боюнча глобалдык күн тартибинде «Тоолордогу ден соолук» демилгесин мындан ары да активдүү илгерилетерин айтып, 2027-жылы өтө турган Бишкек+25 Экинчи Бишкек глобалдык тоо саммити бул багыттагы маанилүү аянтча болорун белгиледи.
Сөзүнүн соңунда министр эл аралык өнөктөштөргө климаттын өзгөрүшү шартында саламаттык сактоо системаларын чыңдоого көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.