2026-жылдын 1-июнунан тарта республика боюнча жол эрежелерин бузуу фактыларын каттоочу жаңы автоматташтырылган комплекстер иштей баштайт.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кыймылынын эрежелерин автоматтык түрдө аныктоого арналган автоматташтырылган программалык-аппараттык комплексти тааныштырды.
Бул комплекс КР Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, пайдаланууга КР ИИМдин ЖКККББ алдындагы «Техникалык багыттагы борбор» мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилди.
Комплекс Кыргыз Республикасынын аймагында ийгиликтүү сыноодон өтүп, төмөнкү жол эрежелерин бузууларды автоматтык түрдө каттай алат:
- белгиленген ылдамдыкты ашыруу;
- коопсуздук курун тагынбай унаа башкаруу;
- унаа башкарып бара жаткан учурда уюлдук телефон колдонуу;
- каршы тилкеге чыгуу.
Белгилей кетсек, заманбап технологияларды киргизүү айдоочулардын тартибин жогорулатууга, жол кырсыктарынын санын азайтууга жана жарандардын өмүрү менен ден соолугун сактоого багытталган.


