Такси кызматын лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашык юридикалык жак лицензия алган. Ошол эле учурда лицензия алууга кайрылгандардын саны азайып жатканы белгиленди.
Буга байланыштуу айдоочуларга акыркы күндөрдү күтпөстөн, керектүү документтерди алдын ала даярдап, лицензияны эртерээк алуу сунушталды. Учурда лицензия берүү иштери ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өлкө боюнча бардык бөлүмдөрүндө уланууда.
Белгиленгендей, лицензиялоонун негизги максаты - такси кызматын тартипке келтирүү, жол кырсыктарын азайтуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу.