Агартуу министрлиги мектептерде өтүүчү «Акыркы коңгуроо» салтанатына карата окуучулардан жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул чечим коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, ата-энелерге кошумча чыгым жаратпоого жана билим берүү тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган.
№593/1 буйругуна ылайык:
- «Акыркы коңгуроо» үчүн акча чогултууга;
- мугалимдерге жана мектеп жетекчилигине белек алууга каражат топтоого;
- мектептен тышкаркы кымбат иш-чараларды уюштурууга;
- ата-энелерге материалдык басым көрсөтүүгө тыюу салынат.
Министрлик мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, майрам коопсуз жана ашыкча чыгымсыз өтүшү керектигин белгиледи.