Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга Эбола вирусунун кирүү коркунучу азырынча төмөн бойдон калып, кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго Демократиялык Республикасында жана Угандада катталган Эбола вирусунун жайылышын эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.
Министрлик Эбола вирусу адамдын каны жана башка биологиялык суюктуктары аркылуу жугарын, бирок аба аркылуу тарабай турганын эскертти.
Учурда оорунун жайылышын алдын алуу үчүн эпидемияга каршы чаралар күчөтүлгөнү маалымдалды.



