Садыр Жапаров Бакуда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясына катышууда
Новость

 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясына катышууда.

Иш-чаранын алдында Мамлекет башчысын Азербайжандын Президенти Илхам Алиев жана БУУнун Калктуу конуштар боюнча программасынын (UN-Habitat) аткаруучу директору Анаклаудия Росбах тосуп алышты. 

Саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин делегация башчылары форумга катышуу үчүн залга бет алышты.