Бүгүн, 2026-жылдын 18-майында МирКаб Төрагасы – Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациянын аппараттык жыйынын өткөрдү.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала баалоолор боюнча 602,8 миллиард сомду түзүп, 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12,4 пайызга жогорулаганын белгиледи. Курулуш сектору 72,8 %га, кызмат көрсөтүүлөр 7,2 %га, айыл чарба 3,0 %га өсүп, өнөр жай тармагында өсүш 14,7 %ды көрсөткөн.
“Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 128,6 млрд сомду түзүп, 69,7 %га өстү. 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү каржылоонун ички булактарынын 1,6 эсеге, ошондой эле тышкы булактарынын 2,4 эсеге көбөйүшү менен камсыз кылынды” – деген Адылбек Касымалиев жылдын аягына чейин ушул темпти кармоо зарылчылыгын белгиледи.
Ошондой эле аппараттык жыйында өкмөттүк акселераторлордун алкагында 3 алгачкы реформага старт берилди. Алар:
- КРнын чет өлкөлөрдө формалдуу эмес сектордо эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн эмгек мигранттары үчүн мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;
- Медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү;
- Билим берүү уюмдарында окуучуларды профилактикалык кароодон өткөрүүнү жана оорусу боюнча каттоого алууну санариптештирүү.
Мындан тышкары учурда «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык системасы жана сыйлыктар жаатындагы процесстерди толугу менен электрондук форматка өткөрүү үчүн “Сыйлык” маалыматтык системасы иштелип чыгып ишке киргизилүүдө.
Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга бул реформаларды 100 күндүн ичинде ишке ашыруу, конкреттүү натыйжаларды көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.










