Тажикстандын сүрөт өнөрү Бишкекте көрсөтүлөт
Новость

2026-жылдын 19-майында саат 10:00дө Кыргыз Республикасында өтүп жаткан Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында «Тажикстандын сулуулугу -келечек үчүн мурас» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат.

Бул тууралуу Маданият,  маалымат жана жаштар саясаты министлигинен билдиришти. Көргөзмө 19–21-май күндөрү Абдрахманов көчөсү, 196 дарегинде өтөт.

Экспозицияда Тажикстандын белгилүү сүрөтчүлөрү жана жаш авторлорунун живопись жана графика жанрындагы эмгектери сунушталат. Көргөзмө чыгыш маданиятынын философиясын, улуттук колоритти, табиятты жана тарыхый мурастарды заманбап искусство аркылуу чагылдырат.

Иш-чара эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого, достук байланыштарды өнүктүрүүгө жана Борбор Азия элдеринин искусствосун даңазалоого багытталган.

Көргөзмөнүн ачылышына Тажикстандын чыгармачыл делегациясынын өкүлдөрү катышат.