Бишкектин бардык абоненттери ысык суу системасына кошулду
Новость

Бүгүнкү күндө  Бишкек шаарынын бардык  керектөөчүлөрү  ысык суу менен камсыздоо системасына толук туташтырылды. Ысык суу штаттык режимде берилип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, эгерде айрым үйлөрдө же батирлерде ысык суу жок болсо, анын себеби, үйдүн ичиндеги ысык жана муздак суу системаларынын ортосундагы агымдын бузулушу болушу мүмкүн.

Шаар тургундарынан суу жылыткычтарын туура өчүрүлгөнүн жана сантехникалык жабдууларынын жарактуулугун текшерип коюуну өтүнөбүз, анткени туура эмес өчүрүлгөн бир эле суу ысыткыч бүтүндөй үйдөгү ысык суунун  айлануусуна таасир этиши мүмкүн деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык мэриясы эгерде көйгөйлөр пайда болсо, кызмат көрсөтүүчүгө, турак жай ээлеринин шериктештигине же "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасына кайрылууну сунуштайт.