Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 17-18-майда Азербайжан Республикасына болгон иш сапары аяктады.
Мамлекет башчысы Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясына (WUF13) катышты.
Иш-чарага ошондой эле 20га жакын мамлекет жана өкмөт башчылар, жогорку даражалуу адамдар, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн 45 миңден ашуун делегат катышты.
Садыр Жапаров өз сөзүндө тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө басым жасады.
Президент сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, калдыктарды экологиялык жактан таза чогултуу системасын түзүү жана жаратылыш ландшафттарынын булганышын алдын алуу сыяктуу стратегиялык багыттарга токтолду.
Президент Бишкектин бул жааттагы олуттуу тажрыйбасына токтолуп, өткөн жылдын аягында Борбор Азиядагы катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү биринчи эко-технологиялык заводдун ачылышы болгонун белгиледи.
Мамлекет башчысы форумдун катышуучуларын WUF13 алкагында өтүп жаткан Urban Expo көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын көргөзмө павильонунда бул долбоор менен кененирээк таанышууга чакырды.
Мындан тышкары, форумдун алкагында Президент Садыр Жапаров менен Маврикийдин Президенти Дхарамбир Гокхулдун сүйлөшүүлөрү болду. 
Садыр Жапаров көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү алдыга жылдыруу максатында үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстан Африка бирлигинде байкоочу макамын алганын айтты.
Өз кезегинде Дхарамбир Гокхул эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, эл аралык аренада чакан мамлекеттердин ортосундагы өз ара колдоонун зарылдыгын баса белгиледи.
Азербайжанга болгон иш сапарын аяктаган соң, Президент Садыр Жапаров 19-майда Чолпон-Ата шаарына кайтты.