Кыргызстанда Курман айт 27-майда белгиленет
Новость

2026-жылдын 27-майы Курман айт майрамы деп белгиленди. Ал эми 26-май арапа күнү болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Курман айт - ислам дининдеги эң улуу майрамдардын бири болуп эсептелет. Бул күндөр мусулмандардын ынтымагын бекемдеп, боорукерликти, жардамдашууну жана курмандык аркылуу жаратканга жакындоону даңазалайт.