Президент Садыр Жапаров ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында кеңири коомдук резонанс жараткан оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууга кошкон олуттуу салымы үчүн сыйланышты:
«Эрдик» ордени менен:
Акунбеков Таалайбек Акунбекович – Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын полковниги;
Алагозов Эркин Жумакадырович – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тез чара көрүүчү атайын отрядынын 4-бөлүмүнүн ыкчам өкүл-жоокери, милициянын подполковниги;
Алсеитов Самат Жусупович – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын алтынчы башкармалыгынын башчысынын орун басары, IT-технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги;
Жыргалбеков Аскар Жыргалбекович – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын майору;
«Ардак» медалы менен:
Ашырбаев Өмүрбек Кубанычбекович – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын маалыматтык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору;
Мамырова Дамира Сагыновна – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттиккриминалистикалык кызматынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги;
Турганбаев Асылбек Жумабаевич – Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын подполковниги.