Өлкөдө жарандарды турак жай менен камсыздоо багытындагы мамлекеттик саясаттын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу боюнча Министрелер Кабинетинин чечими кабыл алынды.
МинКабдын төрагасы Адылбек Касымалиев Баетов айыл аймагында мамлекеттик менчикте турган 214 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин трансформациялоо тууралуу токтомго кол койду. Муну менен жарандардын турак жай куруу маселесин жеңилдетүүгө багытталган укуктук шарттар түзүлдү. Бул чечим көп жылдан бери калк арасында көтөрүлүп келген жер маселесин жөнгө салууга жана турак жайга муктаж болгон жарандардын көйгөйүн чечүүгө өбөлгө түзөт.

