Ош облусунун аймагында күчү 3 балга жеткен жер титирөө катталды
Новость

Бүгүн, 19-майда Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 12:43тө Ош облусунун аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кызыл-Эшме, Дароот-Коргон айылдарында 3 балл, Кабык айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.