17-майда Түркиянын Изник шаарындагы “Кыргыздар күмбөзү” мемориалында кыргыз жоокерлеринин элесине арналган салттуу эскерүү иш-чарасы өттү. Бул жылы иш-чараны Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу уюштурду.
Түркиянын ар кайсы аймактарынан келген эки миңге жакын кыргызстандык мекендеш катышты.
Эскерүү иш-чарасы мемориалда куран окутуу менен башталып, андан соң расмий бөлүк жана концерттик программа менен уланды. Расмий бөлүктө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу видео тасма мекендештерге сунушталды.
Ошондой эле Түркиянын ар кайсы аймактарынан келген катышуучулар үчүн лотерея уюштурулуп, баалуу белектер ойнотулду. Айфон, ноутбук жана башка баалуу белектер таратылды.
Концерттик программада Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков жана белгилүү ырчы Малика Дина өздөрүнүн жагымдуу ырларын аткарып, мекендештердин маанайын көтөрдү. Ал эми актёр жана алып баруучу Самат Эркинбеков кызыктуу оюн-зоокторду уюштуруп, иш-чарага өзгөчө көрк кошту.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу Жарлыгына ылайык уюштурулду.
Белгилей кетсек, иш-чара мамлекеттик бюджетке кошумча күч келтирбестен, Башкы консул Чынгыз Токтобеков демөөрчүлөрдүн колдоосу менен уюштурду. Дасторкон жайылып, 2000 адамга арналган тамак-аш уюштурулду.
Бул эскерүү иш-чарасы кыргыз жана түрк элдеринин тарыхый байланышын даңазалоо, ата-бабалардын эрдигин эскерүү жана чет өлкөдөгү мекендештердин биримдигин бекемдөө максатында 2011-жылдан бери салттуу түрдө өткөрүлүп келет.



