2026-жылдын 19-майында Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун баштаган делегациясы Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында Ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохундун эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.
Сапардын жүрүшүндө тараптар укук коргоо тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын маселелерин, ошондой эле ведомстволор аралык мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.
ИИМдин Басма сөз кызматы
