Ала-Бука – Кербен унаа жолунун 23,8-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн эки жагын суу алып кеткендиктен, жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, аталган тилкеде абал кооптуу болгондуктан, көпүрө аркылуу жеңил унаалар гана өткөрүлүүдө. Жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Жеринде министрликке тийиштүү жол тейлөө ишканасынын адистери жана атайын техникалар иш алып барууда. Көпүрөнүн четтерин бекемдөө жана кесепеттерди жоюу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө.
