Бүгүн, 20-майда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшыруу аземине катышты.
Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев КРнын социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле КРнын Конституциясынын күнүн майрамдоого байланыштуу бир катар тармактын кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыштарын тапшырды.
Жалпы Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан куттуктаган Адылбек Касымалиев, бул сыйлыктар сыйлык ээлеринин эмгек жолундагы кезектеги баскычтарга, мындан аркы ийгиликтерине жол ачуусуна тилектеш экендигин билдирип, ар бир кызмат – эл үчүн болуусун белгиледи.











