Каракол: “Хан-Теңири” комплексиндеги суу каптоого эмне себеп болду?
Новость

Каракол шаарында нөшөрлөп жааган жаандан улам “Хан-Теңири” мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинин төрт блогунда суу каптоо фактылары катталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, негизги себептердин бири - агын суу түтүктөрү менен суу өткөрүүчү арыктардын тиричилик таштандыларына бүтөлүп калышы болгон. Системаны тазалоо учурунда суунун кадимки өтүшүнө тоскоол болгон ар кандай тиричилик калдыктары табылган.

Катуу жаан учурунда суу агып кетүүчү система аркылуу өз убагында сыртка чыга албай, чатырда суу топтолгон. Натыйжада басым күчөп, суу кайра чатыр жана чатыр алдындагы бөлмөлөр тарапка кеткен. Андан соң суу айрым батирлердин ичине кирип, бир бөлүгү жер төлөлөргө чейин жеткен.

Белгилей кетсек, нөшөрлөп жааган жаандын кесепети Мамлекеттик ипотекалык компаниянын объектилери менен гана чектелген эмес. Каракол шаары боюнча көптөгөн турак үйлөрдү, социалдык объектилерди, көчөлөрдү жана айрым жол тилкелерин суу каптаган.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания Кыргызстан боюнча болжол менен 80 миң батирден турган ири турак жай курулуштарын жүргүзүүдө. Акыркы эки жыл ичинде эле компания тарабынан 7 миңге жакын батир пайдаланууга берилген. Каракол шаарындагы кырдаал жергиликтүү мүнөзгө ээ.

Учурда кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте жеринде иш алып барып, суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компания жабыркаган батирлерди калыбына келтирүү чыгымдарын толугу менен өз эсебинен көтөрөт. Бардык тургундарга зарыл жардам көрсөтүлүп, оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.