Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлорун киргизүү жана кароо тартибин өркүндөтүү, ошондой эле кагаз документ жүгүртүүнү кыскартуу аркылуу мамлекеттик чыгымдарды азайтуу болуп саналат.
Мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда:
1) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына:
− мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери тарабынан мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине электрондук форматта же кагаз түрүндө киргизүүнү;
− Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кагаз же электрондук түрдө документ жүгүртүүнү белгилөөнү;
− Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдын акыркы редакциясындагы текстин кол коюу жана жарыялоо үчүн кагаз же электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүүнү бекитүүнү;
2) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ченемдик укуктук актынын долбоорун аны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке кагаз же электрондук түрдө киргизүүнү.