Бишкек шаарынын 5-кичирайонунда жайгашкан №3 орто мектеп үчүн кошумча окуу корпусунун курулуш иштери уланууда.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, бул иштер Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Жаңы окуу корпусу 500 окуучуга ылайыкталып, үч кабаттуу жана жер төлөсү менен Т-түрүндөгү формада курулууда. Долбоордун негизги максаты - окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле мектептин учурдагы имаратына түшкөн жүктү азайтуу.
Жаңы имаратта окуу класстары, спорт залы, актовый зал, ашкана, дарыгердин кабинети, директор жана завучтардын кабинеттери, мугалимдер бөлмөсү, музыка жана ырдоо кабинети, жууну бөлмөлөрү жана санитардык түйүндөр жайгашат.
Жер төлө бөлүгүндө жылуулук түйүнү, насос станциясы, желдетүү системасы, электр бөлүштүрүүчү бөлмө жана кампа сыяктуу техникалык жайлар каралган.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында мектептин аймагын комплекстүү көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Анда мини-футбол аянтчасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, 100 метрлик чуркоо тилкеси жана жашыл аймактар уюштурулат.
Учурда объектте фасаддык жана ички жасалгалоо иштери жүрүп, желдетүү системасы орнотулууда. Ошондой эле мектептин аймагын көрктөндүрүү иштери аткарылууда.

