Күз айларында пенсиялар кайрадан жогорулатылышы күтүлүүдө
Новость

Өлкөдө 2026-жылдын күз айларында пенсиялар кайрадан жогорулатылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов массалык маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, учурда республикадагы эң төмөнкү пенсия 7,1 миң сомду түзөт. Мурда айрым жарандар 1–2 миң сом өлчөмүндө гана пенсия алып келишсе, жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгында бул көрсөткүч олуттуу жогорулаган.

Мукамбетов белгилегендей, пенсиялар инфляциянын деңгээлине жана орточо айлык акынын өсүшүнө жараша жыл сайын индексацияланып турат. Бул механизм жарандардын кирешесинин реалдуу наркын сактоого багытталган.

Ошондой эле ал 2026-жылы пенсияларды октябрь айларында жогорулатуу пландалып жатканын айтып, так пайыздык көрсөткүч өлкөнүн жарым жылдык бюджеттик жыйынтыгына жараша аныкталарын кошумчалады.