Бишкектин айрым бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлөт
Новость

2026-жылдын 21-майында саат 9:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" билдирди.

Өчүрүү аймагы: Байтик баатыр көчөсү – Түштүк Чоң Чүй Каналы – Ала-Арча суусу – Саманчин көчөсү – Байтик баатыр көчөсүнүн батыш тарабы – Ала-Арча 3 шаарчасы.

Суу берүү 10-кичи райондогу Д= 500 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияга байланыштуу өчүрүлөт. Учурда МИКтин  аймагындагы казылган чуңкурда агып жаткан жерди аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.

03cb66c9-4668-4143-aa5f-4ce99f129adf.jpg 120.88 KB