Президент Садыр Жапаров «2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизаттарга каршы борбору жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизаттарга каршы борбору жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткаруу болуп саналат.
Макулдашуу жайгашкан жери Тажикстан Республикасынын Душанбе шаары болгон Баңгизаттарга каршы борборду түзүүнү карайт.
Макулдашуунун ишке ашырылышы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн туруктуу жана натыйжалуу системасын түзүүгө, ыкчам маалымат алмашууну кеңейтүүгө, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө жана координацияланган баңгизатка каршы чараларды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.
Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасына трансулуттук баңгизаттык кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, көп тараптуу баңгизатка каршы кызматташтыктын алкагындагы күч-аракеттерди координациялоону жакшыртууга, ошондой эле региондук коопсуздукту камсыздоого салым кошууга мүмкүндүк берет.