Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасында дары өсүмдүктөрүн өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана туруктуу пайдаланууну өнүктүрүү үчүн комплекстүү укуктук негизди түзүү максатында кабыл алынган.
Мыйзам менен «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 10-статьяларына өзгөртүүлөр киргизилген, аларга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактар дары өсүмдүктөрүн (валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, аконит арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп, лаванда) өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоо жана өстүрүү боюнча иш жүргүзүү укуктарына ээ болот.
Ошондой эле, жеке жана юридикалык жактар турак жай зоналарына жана социалдык объекттерге жанаша жайгашкан аймактарда аконит өстүрбөөгө милдеттүү.
Андан тышкары, мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жапайы дары өсүмдүктөрүн айыл чарба өндүрүшүнүн шарттарында культивациялоо жана өстүрүү үчүн пайдаланууга жол берилет деп белгиленүүдө, жана бул өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга акы төлөнбөйт.
Ошондой эле, Мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 9-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Атап айтканда, аталган Мыйзамдын 8-беренесинде Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыз кылуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун, гибриддерин чыгаруунун, дары өсүмдүктөрүн (валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, аконит, арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп, лаванда) өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоонун жана өстүрүүнүн, айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларын, типтерин жана кроссторун чыгаруунун, мал чарбасында маркердик жана геномдук селекцияны жүзөгө ашыруунун селекциялык-генетикалык усулдары менен жүзөгө ашырылат деп көрсөтүлүүдө.
Аталган Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда мамлекеттик колдоонун негизги багыттарынын бири болуп үрөн чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана дары өсүмдүктөрүн өстүрүү саналат деп каралууда.