«Sanofi» Кыргызстанга кайтып келет
Новость

 Францияда дары-дармектерди жеткирүү, телемедицина жана сатып алуулар системасын санариптештирүү боюнча макулдашуулар жетишилди

Францияга болгон иш сапарынын алкагында КРнын  саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов дүйнөдөгү ири фармацевтикалык компаниялардын бири болгон Sanofi компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууга Sanofi Global Health бөлүмүнүн операциялык ишмердүүлүк боюнча жетекчиси Тибо Лефор мырза катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын калкына эл аралык деңгээлдеги сапаттуу жана далилдүү натыйжалуулугу бар дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Министр заманбап жана коопсуз дары-дармектер менен бейтаптарды камсыз кылуу өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Биз үчүн кыргызстандыктар эл аралык стандарттарга жооп берген сапаттуу дары-дармектерге жеткиликтүү болушу өтө маанилүү. Sanofi сыяктуу глобалдык компаниялар менен кызматташуу бейтаптар жана жалпы саламаттык сактоо системасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деп белгиледи Дамир Осмонов.