Бишкектеги №18 кесиптик лицейде окуучуга карата орой мамиле жасаган мугалимдин аракетине иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматта кесиптик лицейдин өндүрүштүк окутуунун устаты А.А. карата окуучуларга педагогикалык этикага туура келбеген мамиле жасалып, физикалык күч колдонгондугу боюнча кызматтык иликтөө башталганы айтылат.
Министрлик башталгыч кесиптик билим берүү системасынын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан аталган фактыны ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында атайын комиссия түзүлгөнүн белгилейт.
Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча окуяга юридикалык жана педагогикалык баа берилет, ошондой эле зарыл болгон тартиптик чаралар көрүлөт.
Мындан тышкары, окуучулардын укуктарын коргоону күчөтүү, билим берүү процессинде зомбулукка жол бербөө жана педагогикалык этиканын нормаларын сактоо боюнча кесиптик лицейдин педагогикалык жамааты арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүлөт