Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 21-22-май күндөрү Түркмөнстанга жумушчу сапары менен барат.
Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Мындан тышкары, Түркмөнстандын жетекчилиги менен жолугушуулар пландаштырылган, анын жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.