ШКУнун 25 жылдыгы: Чолпон-Атада аймактар аралык кызматташтык форуму өтөт
Новость

2026-жылдын 27-29-май күндөрү Чолпон-Ата шаарында V аймактар жетекчилеринин форуму жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин шаарлар ортосундагы побратим-шаарлар жолугушуусу өтөт.

Иш-чара Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, уюмдун 25 жылдыгына арналат. Форум: "ШКУнун 25 жылы: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү үчүн бирге" деген ураан менен өтөт.

Форумга Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Иран өлкөлөрүнүн делегациялары жана ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү катышат.

Эки күн бою аймак жетекчилери, мамлекеттик органдардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү соода, инвестиция, логистика жана туризм тармактарындагы долбоорлорду талкуулашат. Негизги жыйынтыктардын бири - аймактар аралык келишимдерге кол коюу болот.

28-май күнү №2 Мамлекеттик резиденцияда форумдун расмий ачылышы жана ШКУ алкагындагы аймактар аралык кызматташтык боюнча пленардык жыйын өтөт.

Ошол эле күнү Baytur Resort & SPA мейманканасында жергиликтүү продукциянын көргөзмөсү, B2B сүйлөшүүлөрү жана транспорт коридорлору, логистика, техникалык жөнгө салуу, халал индустриясы жана побратим-шаарларды өнүктүрүү боюнча тематикалык сессиялар өтөт.

Көргөзмөнү Кыргызстан Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору уюштурат.

Жергиликтүү 40тан ашык өндүрүш ишканалары жана экспортко багытталган компаниялар жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү, текстиль жана кол өнөрчүлүк продукцияларын сунушташат.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара экспорттук байланыштарды кеңейтүү, жаңы өнөктөштөрдү табуу жана жергиликтүү продукцияны эл аралык деңгээлде илгерилетүү үчүн маанилүү аянтча болот.