Бүгүнкү күндө Ала-Тоо Резорт дүйнөдөгү канат жолдорун долбоорлоо жана өндүрүү боюнча алдыңкы компаниялардын бири болгон Doppelmayr компаниясынын жооптуу адистери, ошондой эле долбоорлоочу жана подряддык уюмдар менен биргеликте объекттерди ишке киргизүүгө даярдоо боюнча зарыл уюштуруучулук жана техникалык иштерди жүргүзүүдө.
Бул этап Жыргалаңдагы заманбап тоо-лыжа инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болуп, эл аралык деңгээлдеги төрт мезгилдүү тоо курортун түзүү багытындагы иштерди улантат.
B1 жана B2 канат жолдору келечектеги курорттун негизги инфраструктуралык объектилеринин бири болуп, аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө маанилүү роль ойнойт.