Бүгүн, 21-майда Кытайдан атчан чыккан кыргыз кыздарын тосуп алууга таластык жигиттер “Торугартка” жөнөштү. Аларды узатуу аземи Талас шаарынын борбордук аянтында өтүп, иш-чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев катышты. Ал бул сапар кыргыз элинин биримдигин, улуттук баалуулуктарын жана көчмөн маданиятын дүйнөгө тааныткан өзгөчө демилге экенин белгиледи.
Эске салсак, белгилүү блогер кыргыз кызы Ризаа сиңдиси менен бирге Кытайдан Кыргызстанга атчан сапарга чыккан. Алар жол бою кыргыздардын тарыхын, каада-салтын жана көчмөн турмушун чагылдырган видеолорду социалдык тармактарга жарыялап, миңдеген көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратууда.
Саякатчылар өткөн ар бир аймакта жергиликтүү кыргыздар улуттук кийим кийип, ак калпак, комуз жана ат оюндары менен тосуп алышып, ак жол каалап узатып жатышат. Бул сапар чет өлкөдөгү кыргыздардын мекенге болгон байланышын жана улуттук духун дагы бир жолу көрсөттү.
Маалыматка ылайык, сапар Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу аймагынан башталган. Жалпы узундугу 4 миң чакырымдан ашкан жолдун соңу Талас облусу аймагында жыйынтыкталат. Учурда саякатчылар Кыргызстан аймагына жакындап калышты.






