Араванда мыйзам бузган май куюучу жайдын бир бөлүгү сүрдүрүлдү
Новость

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Араван районундагы май куюучу жайда мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Маалыматка ылайык, май куюучу жайдын колонкасынын коргоочу аймагы мыйзамдуу жер тилкесинен чыгып кеткен. Бул курулуш тармагындагы ченемдик-укуктук талаптарды бузуу катары бааланган.

Жыйынтыгында комиссиялык текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү акт түзүлдү. Объект ээси айып пул төлөп, мыйзамсыз чыгып кеткен курулуш бөлүгү демонтаждалды.

Ошондой эле курулуш нормаларын жана жер пайдалануу эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды.