Кыргызстанда педофилдердин атайын реестрин түзүү иши башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Учурда атайын база үстүндө атайын топ иш алып барууда. Реестрге буга чейин жашы жете электерге каршы жыныстык мүнөздөгү кылмыштар жана укук бузуулар үчүн жоопко тартылган адамдар киргизилет.
ИИМдин маалыматына ылайык, мындай база Кыргызстанда алгачкы жолу түзүлүп жатат жана анын негизги максаты - алдын алуу иштерин күчөтүү жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу.