Өлкөдө жарым жылдык айдоочулук күбөлүк киргизилди
Новость

Минкаб токтомуна ылайык, айдоочулук курста кеминде 4 ай окуп, экзаменди ийгиликтүү тапшырган жарандарга 6 айлык мөөнөткө убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк берилет.

Документ Кыргызстан аймагында гана жарактуу болот. Эгер айдоочу ушул мөөнөт ичинде жол эрежесин үч же андан көп жолу бузса, убактылуу күбөлүк жокко чыгарылып, кайрадан окуудан өтүүгө милдеттендирилет.

Ал эми 6 ай ичинде олуттуу мыйзам бузуу катталбаса, жаранга туруктуу улуттук айдоочулук күбөлүк берилет