МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун эки тараптуу жолугушуусу болду
Новость

Бүгүн, 22-майда  МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту.

Эки тараптуу жолугушуу МинКаб Төрагасынын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында өттү.

МинКаб Төрагасы КР Президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.