Футбол боюнча дүйнө чемпионатына биринчи жолу катыша турган өлкөлөр кайсылар?
Новость

2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына 48 команда катышат. Турнирдин кеңейиши Өзбекстан, Иордания, Кабо-Верде жана Кюрасао сыяктуу өлкөлөргө алгач ирет жолдомо алууга мүмкүнчүлүк берди.

Өзбекстандын улуттук курама командасы тандоо оюндарында ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүп, өз тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпионатына чыкты. Команда башкы машыктыруучу Фабио Каннаваронун жетекчилиги алдында тайпалык баскычта Португалия, Колумбия жана Конго менен күч сынашат.

Кабо-Верде Африка чөлкөмүндөгү тандоодо ишенимдүү оюн көрсөтүп, күчтүү атаандаш Камерунду артта калтырды. Африкалык команда дүйнө чемпионатында Испания, Уругвай жана Сауд Арабиясына каршы беттеш өткөрөт.

Иорданиянын азыркы курамы өлкө тарыхындагы эң күчтүү муундардын бири катары бааланууда. Алар тайпалык этапта Аргентина, Австрия жана Алжир менен ойнойт.

Ошондой эле калкы аз Кюрасао өлкөсү да өз тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпионатына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Команда Германия, Эквадор жана Кот-д’Ивуар менен бир тайпага түштү.

2026-жылкы FIFA World Cup мелдешин  УТРК жана УТРК Спорт каналдары түз алып көрсөтөт.

Дүйнө чемпионатынын расмий өнөктөшү же демөөрчүсү болууну каалагандар УТРКнын жарнама бөлүмүнө 0 554 455 444 номери аркылуу же ktrkadver@gmail.com электрондук дарегине кайрылса болот.